Марал Радиосу

Түркмөнстан илимди каржылоону токтотот

Түркмөн бийлиги экономикасын чыңдап алуу максатында жакынкы үч жылдын ичинде өлкөнүн Илимдер академиясын каржылоону толук токтотот. Бул тууралуу сentralasian.org жазды.

Ага ылайык, эми өлкөдөгү 26 илимий-изилдөө институт, анын ичинде Улуттук сейсмология кызматы мамлекеттин колдоосу жок калат. Мындан тышкары Илимдер академиясынын курамына өлкөнүн Жогорку аттестациялык комиссиясы, 18 жогорку мектеп, 2 медициналык изилдөө борбору, 1 китепкана жана 2 басмакана кирет.

Буга чейин Илимдер академиясы өлкөнү маркум президент Сапармурад Ниязов башкарып турганда 1998-жылы бир жолу жоюлган. 2009-жылы Гурбангулы Бердымухаммедовдун жарлыгы менен кайра толук калыбына келтирилген.

Бердымухаммедов табигый газга бай бул өлкөнү мурдагы президент Сапармурд Ниязов каза болгон 2006-жылдын декабрынан бери башкарып келет.