Марал Радиосу

Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты

Коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, маркумду узатуу аземи Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында  2019-жылдын 3-февралында саат 11-00дө өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. Ал I даражадагы «Ата-Мекендик согуш» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, алыскы Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

К. Акназаров 1947-жылдан тартып, партиялык кызматтарда иштеген. 1957-1961- жылдары К. Акназаров Кыргызстан Компартиясынын Октябрь жана Базар-Коргон райондук комитеттеринин 2-катчысы болгон.

1965-жылы Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин Алматы Жогорку мектебин да бүтүргөн. Партиянын XXV, XXVI-сьезддеринин делегаты болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

1966-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыктуу болгон. Ал эки Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

«Корчубек Акназаровдун ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калат. Анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болот. Иш билги жетекчи жана уюштуруучу, эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Корчубек Акназаровдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат», — деп айтылат маалыматта.