Марал Радиосу

6-9-февраль күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, февраль айынын башында өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болот.

6-9-февраль аралыгында абанын табы кескин төмөндөй:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°,

Нарын облусунунда түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18°.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаажолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылын кыйындатат.