Марал Радиосу

Абылгазиев: Быйыл ар бир мектепке интернет жеткиликтүү болот

2019-жылдын аягына чейин ар бир айыл жана андагы мектептер Интернетке кошулат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү «Глобализация доорундагы санариптик күн тартип 2.0.» форумунда айтты.

Абылгазиев мамлекеттик электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин айтып, жылдын соңуна чейин мектептерин 100% интернетке кошууну пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги электрондук маалыматтар базасы иштелип ишке  жатканын айтты.

Мындан сырткары жаңы малыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында «Санариптик Кыргызстан» аттуу концепция кабыл алынганын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, 2019-жыл Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп белгиленген.