Марал Радиосу

Өз убагында маалымат бербеген органдарга айып пул салына баштайт

Улуттук статистикалык отчётторду өз убагында бербегендер жана ишенимсиз маалымат бергендер жоопко тартылып айып пул салынат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик статистика комитети Бузуулар жөнүндө кодекс 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргендигине байланыштуу статистикалык отчётторду берүүнүн ченемдерин бузган респонденттерге карата толук көлөмдө айып санкцияларын салына турганын маалымдайт.

Бузуулар жөнүндө жаңы кодекстин 294-беренесине ылайык, ыйгарым укуктуу органдарга маалыматтарды, билдирүүлөрдү, отчётторду өз убагында бербегендиги же ишенимсиз маалымат бергендиги үчүн 2-категориядагы айып салынат.

Ошондой эле айып туумдар түрүндө эсептелген айыпты төлөөдөн качкан бузуучуга мажбурлап төлөтүү чаралары көрүлөт.