Марал Радиосу

Кыргыз футболчулары Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы 23-жашка чейинки футболчулар арасында Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна катышат. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.

Азия биринчилигинин тандап алуу туру 22-26-март аралыгында Кувейтте өтөт.

Кыргыз курамасы «Е» тайпасында 22-мартта Кувейт, 24-март Сирия жана 26-мартта Иордания курама командалары менен беттеш өткөрөт.

Тандап алуу турунун жыйынтыгында 11 тайпанын жеңүүчүлөрү жана 2-орунду ээлеген 4 мыкты команда финалдык этапка өтөт.

Азия чемпиондугунун финалдык бөлүгү Таиландда 2020-жылдын 8-26-январь аралыгында өтөт.

Кошумчалай кетсек Азия чемпиондугунун 3 мыкты командасы 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алат.