Марал Радиосу

Футзал боюнча улуттук курама Литвага каршы ойнойт

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Литва курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымдады.

Улуттук курама 19-31-январь аралыгында 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн. Машыгуулардын жыйынтыгында кыргыз футболчулары 2-3-февралда Литва курамасына каршы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт.

Курамага башкы машыктыруучу Амиржан Муканов 17 спортчуну чакырган.