Марал Радиосу

Бишкекте кыргыз-орус ЖОЖдорунун форуму өтөт

Кыргызстандын жана Орусиянын Билим берүү жана илим министрлери жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Анда Бишкекте өтүүчү эки өлкөнүн ректорлорунун Биринчи Форуму тууралуу сүйлөшүү жүрдү. Аталган иш-чара ушул жылдын март айында орун алат. Мындагы максат жогорку билим берүү жаатында кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Орусиянын Билим берүү министри Михаил Котюков иш-чарага ректорлорду гана эмес илим чөйрөсүндөгү адистерди да чакырууну сунуштады.

Форумдун алкагында Кыргызстандын ЖОЖдорунун ассоциациясынын жана Орусиянын ректорлор кеңешинин ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө.