Марал Радиосу

Бриджит Макрон тууралуу китеп жарыкка чыкты

Emmanuel Macron, président de la République Française, et sa femme la Première Dame Brigitte Macron (Trogneux) reçoivent l'ex-Premier ministre libanais Saad Hariri accompagné de sa femme Lara et de son fils Hussam au palais de l'Elysée. Paris, le 18 novembre 2017. © Stéphane Lemouton/Bestimage French Republic President Emmanuel Macron and his wife the First Lady Brigitte Macron (Trogneux) welcome lebanese former Prime minister Saad Harir with his wife Lara and his son Hussam at the Elysee Palace. Paris, November 18th, 2017.

Кечээ, 31-январда Франциянын Биринчи айымы Брижит Макрондун саясаттагы орду тууралуу китеп жарыкка чыкты. «Madame La Presidente» аттуу китепти ак үйгө жакын адамдардын айтып берүүлөрүнө таянып журналисттер Ава Жамашиди менен Натаниел Шук жазган.

Китепте президент Эмманиуэл Макрондун жардамчылары менен Биринчи айымдын ортосунда жүргөн атаандашуу жана кызганычтар баяндалган.

«Президенттин жардамчылары аял киши менен тирешип көрбөгөн үчүн ыңгайын таба албай жатышат. Ортолорундагы абал ушунчалык курч, жадагалса Бриджит Макрондун өлүмүн самап калышкан»,-делет китепте.

Алар күндүзү президентке айткан сунуштары кечинде кабыл алынбай, эртеси такыр башка пикир менен келгенине кыжырданышат.

«Бриджит айым президенттин мээсинин оң жагы. Элизе сарайынын эшиктери жабылары менен биринчи айымдын таасири башталат»,-дешет алар.

Анткени өткөн жылы Билим берүү министрин дайындоодо жана Экология министрин кетирүүдө анын түздөн-түз роль ойногону белгилүү.

Эске салсак, Эммануэл Макрон Франциянын президенттигине 2017-жылы келген. Жубайы Бриджит Макрон анын мектептеги мугалими болгон. Өзүнөн 25 жаш улуу Биринчи айым анын саясаттагы эң чоң колдоочусу экени маалым.