Марал Радиосу

2018-жылы 74 судьяга тартип жазасы колдонулду

2018-жылы 74 судьяга тартип жазасы колдонулду. Мындай маалыматты бүгүн, 31-январда Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова маалымат жыйында билдирди.

Алардын ичинен 44 судья алдын ала эскертүү, 17си эскертүү, 8и сөгүш, 5и кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жалпысынан бир жылда судьялардын үстүнөн 1700гө жакын арыз келип түшкөн. Анын 400гө жакыны бүгүнкү күндө каралып жатат, 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн.