Марал Радиосу

Путин Нигериядагы элчисин Кыргызстанга жөнөттү

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы элчисин алмаштырды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Укуктук маалымат порталына жарыяланды.

Ал 30-январда кол койгон жарлыкка ылайык, Андрей Крутьконун ордуна Николай Удовиченко дайындалды.

Крутько аталган дипломатиялык милдетти 2012-жылдан бери аркалап келген. Ал эми жаңы элчи Удовиченко буга чейин Орусиянын Нигериядагы элчиси болуп турган.