Марал Радиосу

2018-жылы Салык кызматынын 32 кызматкери жаза алды

2018-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын 32 кызматкери жаза алды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Салык кызматына 2018-жылы бардыгы болуп жарандардан жана юридикалык жактардан 176 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн.

Мыйзамсыз иш-аракеттерге тийиштүү кызматтык иликтөөнүн негизинде 32 кызматкерге ар кандай жазалар колдонулду. 7 кызматкер кызматтан бошотулуп, 2 салыкчыга катуу сөгүш жарыяланган. Мындан сырткары 8 кызматкерге сөгүш, 9 кызматкерге эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилип, 1 кызматкер ротацияланган.

Келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча салык кызматы тийиштүү чара кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүп келет.