Марал Радиосу

NBA жылдызы Энес Кантер: Эрдогандын адамдары мени өлтүрүп коюшу мүмкүн

Энес Кантер – жаштайынан түрдүү рекорддорду багынтып, ойногон ар бир клубунун тарыхына кирген спортчу. Анын баскетболдогу ийгилиги менен жеке жашоосу АКШ жана дүйнө медиасынан түшпөй келет. Ага түрк бийлиги эл аралык издөө салган. Энестин айынан атасынын профессорлук даражасы алынып, жумушунан айдалып, акыры камалды. Кантер үй-бүлөсү менен үч жылдан бери жолуга албай келет. Алардын мындан да көп зыян тартышын каалабайт.

Энес Кантердин башына бул көйгөйдүн баары, Фетхуллах Гүлендин идеяларын туу тутуп иштеп келген, Кызмат кыймылына көрсөткөн колдоосунун айынан үйүлгөн. Акыркы кабар боюнча «уурдалып кетүү ыктымалы же өмүрүнө коркунуч” пайда болгондуктан, клубу катышкан Лондондогу баскетбол матчына баралбай калышы АКШда дүң болду.

Энес Кантер АКШнын NBA турнириндеги “New York Knicks” баскетбол клубунда ойнойт. Профессионал түрк баскетболчунун жашы 27де, бою 2,11 метр. Оюнчу профессионалдык карьерасын Түркиянын “Фенербахче” менен “Үлкер” баскетбол клубдарында баштаган. 2011-жылдан тартып Американын “Utah Jazz”, “Oklahoma City Thunder” клубдарында ойногон. Азыркы күндө “New York Knicks” клубунда ойнойт. Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Лондон шаарында өтчү клубунун оюнуна өмүрүнө кооптук жаралгандыктан катыша албашын билдирген.

Энес Кантер Би-Би-Сиге берген интервьюсунда мындай дейт: “Түркияда эмне болуп жатканын дүйнө билиши керек. Эрдоган Лондондо мага карата кандайдыр бир операция жасайт деп айтпайм. Бирок анын фанаттары жаман нерселерге баруусу мүмкүн. Мени параноя менен ооруп калыптыр дешиңиз мүмкүн. Бирок тобокелдик кыла албайм. Учурда күнүнө жүздөгөн коркутууларга күбө болуп жатам. Дүйнөнүн Түркияда эмнелер болуп жатканын билишин кааладым. Көйгөй баскетболдон, NBAден да олуттуу. Түркияда миңдеген адамдар зулум көрүүдө. Чындыкты айтуудан баш тартпайм”.

“Аябай кейиштүү. Түрк президентинин айынан Лондонго баралбайм, — деп кебин улады Энес Кантер. – Мени түрк бийлиги Канада жана АКШдан башка өлкөлөрдө өлтүрүп коюшу мүмкүн. Себеби көп өлкөлөрдө Гүленди колдогондорду бандиттик жол менен Түркияга уурдап кетип жатат. Бир маньяк-диктатор баскетболум менен жашоомо терс таасир этүүдө”.

Баскетбол жылдызы, өзүнө тиешелүү кайрымдуулук фондунун иши боюнча 2017-жылы Индонезияда уюштурулган балдардын баскетбол лагерине барганын баяндаган. “Эрдоган тарабынан издөөдө экенимди ал жакта түндүн бир оокумунда билдим. Түн жарымында ойготушту. Менеджерим түрк бийлиги Индонезия полициясына мени терорист жана кооптуу деген кабар бериптир. Менеджерим экөөбүз дароо аэропортко бардык да биринчи учак менен өлкөдөн учуп кеттик. Ал жактан Сингапурга, анан Румынияга учтук. Румынияда Түрк бийлиги менин паспортуму жокко чыгарып, издөө салганынын айтышты. Түрк дин адамы Фетхуллах Гүленди колдогонумдан мени “террордук топко мүчө” дешкени билинди. Эрдоган аскердик төңкөрүш аракети үчүн Гүленди күнөөлөп келет. Бирок ал киши мындай дооматты дайыма четке каккан”.

Мындан тышкары, 2016-жылдагы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин Энес Кантердин атасы Мехмет Кантерге баласынын Гүлен кыймылына колдоо көрсөтүүдөн баш тартып, түрк президентинен кечирим сурап, фамилиясын алмаштыруусу талап кылынган. Кийин аталыктан кечкенин айтып чыккан. Ага карабай атасы Мехмет Кантер, Гүлен кыймылына жардам көрсөттү деген айып менен, 15 жылга кесилген.

Бул окуялардын айынан, Энес Кантер 2016-жылдан кийин Түркиянын улуттук баскетбол курама командасы үчүн да ойной албай калган.

 

sports.ru, Орусия