Марал Радиосу

Опера жана балет театрынын директору кызматтан кетүүгө арыз жазды

Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бирок ал жергиликтүү басылмаларга отставкасынын себебин ачыктаган эмес.

Эске салсак, буга чейин Опера жана балет театрында Дота 2 аталышындагы компьютердик оюндардын финалы өткөрүлгөн.

Бирок маданий жайда мындай оюндун өткөрүлүшү катуу сынга кабылган. Буга чейин анда туулган күн белгиленгени маалым.