Марал Радиосу

Президент эң коррупциялашкан эки органды атады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы эң коррупциялашкан эки органды атады. Алар — Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү отурумунда айтты.

Ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ишине буга чейин «-3» деген баа коюп келгенин, бирок бүгүнкү докладдан кийин «нөл» деген баа бергенин айтты.

Жээнбеков ошондой эле Экотехинспекция эң коррупциялашкан орган экенине токтолуп, буга жүйө катары — аталган инспекция саясий органга айланып, кызматкерлеринин гана кызыкчылыгын көздөөрүн айтты.

Бүгүн, 30-январда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кенешинин жыйыны өттү. Анда жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселеси каралды.