Марал Радиосу

«Кумтөр» боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү 31-майга чейин узартылды

Кыргызстандын өкмөтүнүн өтүнүчү менен Кумтөр боюнча жаңы келишимдин аткарылышынын мөөнөтү 31-майга чейин узартылды. Бул тууралуу Centerra Gold Inc компаниясынын сайты маалымдады.

Келишимди аткаруунун мөөнөтү ушуну менен жетинчи жолу узартылды.

Маалыматта айтылгандай, кыргыз өкмөтү менен Центерра компаниясы Кумтөрдү иштетүү боюнча сертификаттарды кайра жаңылашып, салык маселелери да чечилген.

«Кумтөр» боюнча келишимди аткаруу мөөнөтү ушул жылдын 31-январына чейин деп узартылган эле.