Марал Радиосу

Президент: «Макмалга» каршы митингди чагымчылдар уюштурган

Былтыр Тогуз-Тородогу алтын иштетүүчү фабрикада болгон башаламандык чагымчылдар тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин тоо-кен тармагына байланышкан жыйынында айтты.

-Макмалда түшүнбөстүк болду. Эл тынчыды, инвестор азыр тынч иштеп жатат. Өткөн жылкы окуя чагымчылдар тарабынан уюштурулду. Азыр алар күнөөсү жоктой эле жүрөт, жазаланган жок. Ал эми жаш балдар жаза өтөп жатышат, — деди президент.

Ошондой эле укук коргоо органдары өз учурунда чагымчылдарга каршы чара көрбөгөнүн айтты.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын апрелинде Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышып, курулуп жаткан алтын иштетүүчү имаратты өртөп ийишкен.