Марал Радиосу

Азия кубогу: Катар БАЭни жеңип, финалга чыкты

Футбол боюнча Азия кубогунун финалга чыккан командалары аныкталды. 29-январда жарым финалда Бириккен Араб эмираттары менен Катар беттешти. Талаа ээлери катардыктарга 4:0 эсебинде жеңилип калды. Эми 1-февралда финалдык беттеш орун алып, анда Япония менен Катар чемпиондук үчүн күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталмакчы.

Кошумчалай кетсек, Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна Кыргызстан алгачкы жолу катышты. Анда тайпалык баскычтан плей-оффко чыгып, 1/8 финалда БАЭге жеңилип калган.