Ѳкмөт балдар жөнүндө кодексинин 80-беренесине ылайык, багып алуучу (фостердик) үй-бүлө институту механизмин киргизүү максатында токтом кабыл алган. Ага ылайык, өлкөдө балдар үйүн жоюу маселеси каралууда.
Ѳзүнүн ысымын атагысы келбеген Каракол шаарынын жашоочусу мурда балдар үйүндө тарбия алган. Амантур (ысымы өзгөртүлдү) менен маек кылганыбызда, ал ата-эненин камкордугуна алынбаган балдарга аяр мамиледе карайт. Анткени өсүп келе жаткан бала психологиялык жактан жабыркап, жаштайынан кыйла азап чегип келерин жашырбайт. Мындан улам фостердик үй бүлөлүнүн келечегин колдойт.
—Албетте, балдар үйүндө багылгандардын ою бир жерде болбойт. Мисалы, эр жетип чоӊойгондо коомчулук менен аралашып достору пикир алмашканда менин ата-энем, бир туугандарым бар деген сөздү укканда чөгүп калышы мүмкүн. Ошондуктан бала келечекте кайгы-муӊга батпаш үчүн үй-бүлөлүү болушун каалайт элем. Толук кандуу ошол үй-бүлөнүн тарбиясын алса, келечекте маралдык тоскоолдуктардын алдын алмак.
Деген менен, мамлкеттин эсебинен каржыланган Ак-Суу районундагы балдар үйүнүн жетекчилиги Жеӊишгүл Ниязова оптимизациялаштыруу программасына каршы. Анткени бул мекемеде 45 бала тарбия алса, анын дээрлик жарымы жетим же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары. Ошондуктан балакатка жеткен өспүрүмдөр башка үйгө мүчө болуп бере алышпайт. Алар биринчиден психологиялык жактан даяр эмес.
-Азыр фостердик үй-бүлө түзүлүп, балдарды багып алуу маселеси дароо жакшы болуп кетет же жаман болуп калат деп эч ким кепилдик бере алышпайт. Бала багып алганы үчүн мамлекет акча төлөп берген ата-энеси таптакыр башка көз карашта болушу мүмкүн. Эгер чындыгында бала кылып алам деген ата-эне эс тарта элек наристени багуусу шарт. Мисалы, биз тарбия берип жаткан өспүрүмдөр 9-10-11-класстын окуучулары. Чоӊоюп калган балдар бирөөгө көнүп, кантип бала болмок эле.
Андыктан мамлекет көтөрүп жаткан социалдык маселеге коомчулук да назар салат. Фостердик үй бүлөнүн түптөлүшү менен балдар үйүнүн жоюлушу тууралуу суроо узатканыбызда, айрым жашоочулар мамлекеттик программаны колдосо, көпчүлүгү баш тарткан жоопторду кайтарышты.
—Азыркы заманда беш кол теӊ эмес. Жакшы шартта жашагандар бар же тескеринен материалдык жаткан жетишпеген ата-энелер бар. Менимче, балдар үйү болгону эле жакшы. Көчөдө калган балдарды каякка алып бамак элек, балдар үйү керек.
-Азыр ата-энелер көбүнчө ымыркай балдарды багып алышат. Андан чоӊураак балдар көчөдө калып, өздөрүн билип, суицитке барышат. Ошондуктан жабылышын каалабайбыз.
-Эгер балдар үйү жок болсо, коомчулукка чоӊ жоопкерчилик жүктөлмөк. Мисалы, ошол эле бала эч кимдин камкордугуна алынбай көчөдө калып, көз жума турган болсо, анда эч бир адам ымыркайын таштабайт болчу.
Кандай болгон күндө дагы Ак-Суу районундагы балдар үйү оптимизацияга кирген. Тагыраак айтканда, андагы ата-энеси жок томолой жетим балдар соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарындагы соцбалдар айылына жеткирилүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле 6 өспүрүм жакындарына берилип, калгандарын фостердик үйлөргө өткөрүү каралып жаткандыгын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова билдирди.
—Ак-Суу районундагы балдар үйү боюнча чоӊ комиссия иштеп соӊуна чыкты. Азыркы тапта бул мекемеде 30га жакын бала калган. Анын 12си социалдык айылга жайгаштырдык. Андан сырткары 5-6 баланы жакын туугандарына кайтарып бердик. Калгандарын фостердик үй бүлөгө жайгаштыруу боюнча аракет кылып жатабыз. Азыркы тапта облус боюнча бала багып алам деген 40тан ашуун үй бүлө сертификат алышты.