Марал Радиосу

“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеӊеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат.

Тактап айтканда «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Мыйзамындагы үй-бүлөлүк кирешенин өлчөмү негизги пенсиядан төмөн болгон (ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо) пенсиялар алынып салынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.