Марал Радиосу

Бизнес-акыйкатчынын байкоочу кеңешине кабыл алуу үчүн талаптар жарыяланды

Бизнес акыйкатчы институнун байкоочу кеңешинин курамына кабыл алуу боюнча критерийлер жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. Ага ылайык, коюлган талаптар кеңешке абройлуу бизнес-ассоциацияларды тандоого багытталган.

Ал үчүн мүчө болууну каалаган бизнес бирикмелер Кыргызстандын ишкердик чөйрөсүн кеңири камтыган, алардын мүчөлөрү тарабынан салыктык чегерүүлөрдүн кыйла жогору болуусу шарт. Ошондой эле мүчөлүк төлөмүн төлөгөн ишкерлери 50дөн кем болбошу керек жана ишмердүүлүгү 5 жылдан кем болбошу керек.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Бизнес акыйкатчы институтун түзүү боюнча Өкмөттүн токтомуна кол коюлган.

Документке ылайык, биринчи кезекте Бизнес-омбудсмен институтунун жогорку башкаруучу органы – Байкоочу кеңеш түзүлөт. Аталган курам Бизнес-акыйкатчыны жана анын орун басарларын дайындап, иш регламентин тартибин кабыл алат.

Байкоочу кеңеш үч тараптын – Өкмөттүн, жеке сектордун кызыкчылыгын көрсөткөн бизнес-ассоциациялардын жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турат.