Марал Радиосу

«ЗиЛде» өтчү фестивалда скипастарга 20% арзандатуу болот

2-февралда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өтө турган «Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү» аталышындагы фестивалда бардык кызматтарга 20% арзандатуу болот. Бул тууралуу аталган мекеменин коммерциялык директору Данияр Бактыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чоңдор үчүн скипастын баасы 1200 сомдон 960 сомго арзандатылат. Ал эми мектеп окуучулары үчүн скипастар 720 сомдон сатылат.

Бишкек шаарынан айтайын транспорт алып барып, кайра алып келет. Жол кире акысы 250 сом. Мындан сырткары лыжалардын ижара акысына дагы 50% арзандатуу болот.

«Фестиваль биз үчүн салтка айланды. Быйыл үчүнчү ирет өткөрүп жатабыз. «ЗиЛ» тоо лыжа базасында коопсуздук эрежелери толук сакталган, жыл сайын тийиштүү мекеме көзөмөлдөп турат. Базада лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткандарга да, профессионалдарга да өзүнчө жай каралган», — дейт Бактыбеков.