«Марал» радиосунун «Желе шоу» программасында ырчы Аско кезектеги коногу болуп, сахнага аралашканына үч жыл болгонун жана чакан гана чөйрөгө тааныла алгандыгын айтып өттү.
«Көрсө жеӊил, бийлегенге ылайыктуу ырлар бат тарайт экен. Өзүмдүн досум Жонниге да тамашалап калам: ««Күттүм ай» ырыӊ жеӊил болгону менен бат эле хит аталды» -деп. Бирок ырчы бир жанр менен гана чектелбеш керек» — деди ырчы Аско.