Марал Радиосу

Кыргыз улуттук филармониясы ремонт үчүн жабылат

филармония

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы ремонт үчүн жабылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Филармония Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө байланыштуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

25-апрелде Салттуу музыка күнүнө арналган концерт драма театрда уюштурулат.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити 14-15-июнда Бишкек шаарында өтөт. Анын алкагында маданий-гуманитардык иш-чаралар: медиа көргөзмө, сүрөт көргөзмөсү, бизнес форум жана ири гала-концерт уюштурулат. Учурда уюштуруу комитети иш алып барууда.