Марал Радиосу

Атамбаев Бириккен Арап Эмираттарында эс алат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Арап Эмираттарына учуп кетти. Бул тууралуу КСДП партиясы билдирет.

Атамбаев бир апталык эмгек өргүүсүн үй-бүлөсү менен чогуу өткөрөт.

Эске салсак, буга чейин мурунку президент Индияга барары кабарланган. КСДП бул сапардан саясат издөөдөн алыс болууга чакырган.