Марал Радиосу

Япония: Бир нече компанияларга зыяндуу зат салынган конверттер таратылган

Япон полициясы өлкөдөгү 9 компанияга цианиддүү калий салынган конверттердин жиберилиши боюнча тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу NHK телеканалы маалымдайт.

Ага ылайык, ичинде зыяндуу заттар бар конверттер Токио жана Осакадагы фармацевтикалык фирмалардын кеңселерине, Саппоро шаарындагы азык-түлүк компаниясына, Mainichi Shimbun гезитинин редакциясына жиберилген.

Тергөөчүлөр конверттин ичинде цианид аралаштырылган уулуу заттын кабыкчалары бар экенин аныкташкан.

Бир нече кат «Аум Синрикё» экстремисттик уюмунун негиздөөчүсү Тидзуо Мацумотонун атынан жиберилген. Бирок ал өткөн жылы өлтүрүлгөн.