Марал Радиосу

1-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-28-январда Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

31-январда жана 1-февралда Кыргызстандын жалпы аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.