Марал Радиосу

Кыргызстанда 350 адам эркиндикке чыгат

Кыргызстанда жакында болжол менен анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отурган 350 адам эркиндикке чыгат. Анын баардыгы гумандаштыруунун алкагында болууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлайт.

Ага ылайык, болжол менен аялдар колониясынан 9 адам боштондукка чыгат. Ал эми эми жашы жете электердин колониясынан бир да адам чыкпайт, анткени алардын баары оор кылмыш жасап соттолгон.