Марал Радиосу

Акыркы жылдары өлкөгө кирген чет элдиктердин саны 6 эсеге өскөн

Акыркы жылдары өлкөгө кирген чет өлкөлүк жарандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2010-жылга салыштырганда өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны дээрлик алты эсеге көбөйгөн. Тагыраагы, эгерде 2010-2011-жылдары келген чет өлкөлүктөрдүн орточо саны 70 миңдин айланасында болсо, былтыр 450 миңден ашык чет өлкөлүк катталган.

Статистикага ылайык, Кыргызстанга кирүү үчүн виза талап кылынбаган 45 өлкөнүн ичинен баарынан да Түштүк Корея, АКШ жана Германия жарандары көп келишкен.