Марал Радиосу

Быйыл Бишкектин Октябрь районунда 3 бала бакча ачылат

Бишкек шаарынын Октябрь районунда быйыл үч бала бакча ачылат. Бул тууралуу район акими Ренат Айтымбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалар калаанын 6-8-12-кичи райондорунда ачылат.

«2018-жылы биздин райондо мектеп салынган жок. Бирок жылдын башында 8-кичи райондо бир бала бакчаны өзүбүзгө кайтардык. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Буюрса, үстүбүздөгү жылдын март айында колдонууга берилет. Мындан сырткары ишкерге жер бөлүп берип, көп кабаттуу курулуштун биринчи кабатына бала бакча салуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат», — дейт Айтымбетов.

Ал бала бакчаларда кошумча каражат төлөө мыйзамсыз экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда ири 72 ишкана бар. Алар 2018-жылдын ичинде 8 жарым млрд сомдук продукция өндүргөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көп. Ошондой эле салыктар коюлган пландан көп, тагыраагы, 98 млрд сомдон ашык чогултулган.

«Жарандар ишкана ачуу боюнча мэриянын жер ресурстар башкармалыгына кайрылат. Ал эми мен график боюнча жарандарды бейшемби күндөрү түшкү саат 14:00 тарта кабыл алып баштайм. Мындан сырткары башка күндөгү дагы келген жарандарга убакыт бөлөм», — дейт аким.