Марал Радиосу

Жунусов Кытайдын Өзбекстандагы элчиси менен жолугушту

Кыргызcтандын Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Цзян Янь менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда эки тарап Кытай менен Кыргызстандын учурдагы саясий, соода-экономикалык, инвестиция, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташуусун талкуулашты.

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн элчиликтеринин ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү келишимин жактырышты.