Марал Радиосу

Нарында ӨКМ кызматкери өзүн асып алды

Нарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 24 жаштагы кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

24-январь эртең менен Э.М. аттуу жаран өз үйүнүн сарайында асылган денеси табылган. Текшерүү убагында анын денесинде эч кандай зыян келтирилбегендиги аныкталган.

Ал буга чейин Нарын облусунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү кызматында айдоочу болуп эмгектенген. Анын артында аялы жана баласы калды.

Бул иш боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.