Марал Радиосу

Президент өкмөткө эл аралык деңгээлдеги стадион курууну тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө Футбол федерациясы менен биргеликте Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштады. Ошондой эле футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу ал бүгүн, 24-январда, футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

«Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат», — деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигине Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу катышып, плей-офф баскычына чейин чыкты. Алар 1/8 финалда Бириккен Арап Эмираттарынын курамасына 2:3 эсебинде жеңилип калды. Бирок ошентсе да мыкты оюн көрсөтүшкөнүн кыргыз коомчулугу, дүйнөлүк коомчулук да белгилөөдө.