Марал Радиосу

Кулов: Министрлер өз алдынча чечим кабыл алгысы келбейт

Бүгүнкү күндө аткаминерлер инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мындай пикирин «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов “Марал” радиосуна берген маегинде  билдирди.

Анын айтымында, министрлер өз алдынча чечим кабыл алууну каалабайт. Андыктан Кыргызстанга да Ватикандын ыкмасын колдуу зарыл. Ватиканда чечим кабыл албаган жетекчилер кызматтан алынат.

Кулов буга кошумча, экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жакшы иштерди жасоого аракет кылганын, бирок ойлогонун ишке ашыра албай калганын белгиледи.