Марал Радиосу

Жаңы кодекстер боюнча Жапаровдун иши сотко жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садырбек Жапаровдун иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев маалымат жыйынында билдирди.

Күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы 3 миңге жакын жарандын, анын ичинде Жапаровдун иши сотко жөнөтүлдү.

2019-жылдын 3-январында Бишкек шаардык прокуратурасы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тарткан. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов, Башкы прокуратурага кайрыла турганын айткан. 

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.