Марал Радиосу

Мамлекеттик цирктин директорлугуна Фархад Бекманбетов дайындалды

Мамлекеттик цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Жаңы жетекчи бүгүн цирктин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Цирктин жамааты Аида Акматованын талапкерлигин сунуштап келишкен. Алар 23-январда өздөрү көрсөткөн талапкердин шайланышын талап кылып, иш таштоого барышарын айтышкан. Ага чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.