Марал Радиосу

Жолдошбаев: Ат-Башыда карышкырларды атуу үчүн тик учак керек

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна карышкырларды атуу үчүн тик учак берүү керек. Бул тууралуу  депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, Ат-Башыда карышкырларга мергенчилердин күчтөрү жетпей жатат. Өкмөттүн облустагы өкүлү, аким, айыл башчылары көңүл бурбай жатат.

-Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттын эсебинен аларга тик учак берип койсок туура болмок. Кыдырып карышкырларды аталы. Карышкырлар биздин тууган эмес.

Эл өкүлү кошумчалагандай, карышкырлар күнүнө  бештей жылкыны жеп жатышат.