Марал Радиосу

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп дайындалды

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

22-январда анын талапкерлигин парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитети жактырган.

Асеин Исаев 55 жашта. Ал Урал мамлекеттик университетин жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, философия илимдеринин кандидаты.

Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландыдагы, Люксембургдагы, Франциядагы элчиси, Кыргызстандын НАТО жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп келген.