Марал Радиосу

Депутат Карамушкина Зайналиевдин бошотулушуна нааразы

Кайдагы бир алдамчы эмчи-домчуга каршы тура албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. Мындай оюн депутат Ирина Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

Анын айтымында, жакында эле сот 2016-жылдан бери башы чырдан чыкпай келген элдик табып Хашым Зайналиевди бошотту. Эми ага карата эч кандай доомат жок экендиги маалымдалган. Бирок алдамчынын колунан жапа чеккен, өлүм тапкан адамдардын убалы үчүн ким жооп берерине депутат тынчсызданды.

Хашым Зайналиевдин онкологиялык ооруларды дарылаганга лицензиясы жок. Ачыгын айталы, анын бейтаптарга койгон диагнозу – карандай калп. Кайсар соттор аз келгенсип, аны айрым дарыгерлер да колдоп чыгыптыр. Кайдагы бир алдамчыга тийиштүү чара көрө албаган чабал аткаминерлердин жоопкерчилигин караш керек. 

Эске салсак, Хашым Зайналиев “алдамчылык” беренеси боюнча айыпталып, №1 убактылуу кармоочу жайга камалган болчу. Бишкектин Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарган.