Марал Радиосу

Цирктин жамааты иштен кетүүгө арыз жазды

А. Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин 34 кызматкери бүгүн Маданият министрлигинин алдына барып, кызматтан кетүү тууралуу арыздарын жазып, буга чейин алган бардык сыйлыктарын: медал, дипломдорун жерге тизип коюшту. Алар цирктин жетекчилигине татыктуу талапкерди дайындабай жатканы үчүн жана цирктин жамаатына карата айтылган айыптарга жооп кылып, циркке байланышкан бардык нерсесин алып чыгышты.

«Биз мунун барын Маданият министрлигине беребиз. Фархад Бекманбетов биздин жамаатты ири өлчөмдөгү каражаттын жок болуп кетишине айыптап жатат. Мына, эмнебиз болсо, барын алышсын»,-дешти цирктин нааразы болгон жамааты.

Алар цирктин жетекчилигинин тегерегиндеги саясий оюндардан тажашканын, алардын чыгармачылык иштерине тынчтык керектигин билдиришти.

Эске салсак, цирктин жамааты өздөрү менен бирге иштеген жаачы Аида Акматованын талапкерлигин көрсөтүшүүдө. Алар анын менеджерлик тажрыйбасы бар экенин, беш тилди билерин жана жамаат менен цирктин абалын жакшы түшүнөрүн айтып, директор кылып дайындап берүүнү талап кылышкан. Министрлик алардын сунушун орундатпаган соң 21-январь күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Ошондон кийин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мекемеге жетекчи жакынкы күндөрү дайындаларын айткан болчу.