Марал Радиосу

Кыргызстан менен Казакстандын Салык кызматынын жетекчилери жолугушту

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы Марат Султангазиев менен жолугушту.

Анда салыктарды төлөөдөн качып, кыргыз-казак чек-арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө байланыштуу жалпы көйгөйлөрүн талкуулашты. Ошондой эле бул маселелер боюнча ыкчам маалымат алмашуунун зарылдыгын белгилешти.

Жол картанын 10 жана 11-пункттарын аткаруу максатында, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарлар боюнча маалымат алмашууга багытталган Кыргызстандын Салык кызматы жана Казакстандын Кирешелер боюнча комитетинин эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салыктык башкаруу маселелери боюнча иш-чаралар планынын долбоорун карап чыгышты.

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн Салык кызматтарынын жетекчилери тийиштүү протоколго кол коюп, эки өлкөнүн фискалдык органдары ортосундагы кызматташуунун мындан ары чыңдоону көздөшөөрүн билдиришти.