Марал Радиосу

«Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарына эл аралык макам берилет

«Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарына эл аралык макам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Анда “кыргыз-казак өкмөттөрү ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында 2017-жылы «Токмок-Автожол» жана «Кең-Булуң-Автожол» өткөрмө пункттарын кайра конструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу ишке ашырылган.

Протоколдо «Кең-Булуң-Автожол» жана «Токмок-Автожол» өткөрмө пункттарын эл аралык статусун берүү маселеси каралган.