Марал Радиосу

Азия кубогу: Чейрек финалга чыккан командалар аныкталды

Футбол боюнча Азия биринчилигинин чейрек финалына чыккан командалар аныкталды. Алар Австралия, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кытай, Түштүк Корея, Япония, Вьетнам жана Иран курама командалары.

24-январда Япония менен Вьетнам жана Кытай менен Иран беттешет.

25-январда Түштүк Корея — Катар, Бириккен Араб Эмираттары — Австралия курамаларынын оюндары орун алат.

Азия биринчилиги Бирикке Арап эмираттарында өтүүдө. Бул оюндарга кыргыз улуттук курама командасы да алгачкы жолу катышып, чейрек финалга чыгуу үчүн БАЭ курамасына каршы ойноп, жеңилип калды.