Марал Радиосу

Зулушев жаңы кодекстерге жумшалган акчанын чоо-жайын иликтөөнү сунуштады

Сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн евро көлөмүндө каражат каралган.

Анын ичинде, 3 млн евро калкка түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу түшүнүк жок болуп чыкты. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊеште кодекстер талкууланып жаткан учурда айтты.

Депутат Курманкул Зулушев жогоруда айтылган 13,6 млн евро каражаты кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек экенин белгиледи.