Марал Радиосу

Өкмөт башчынын парламент жыйынына келбегени сындалды

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жаңыдан күчүнө кирген кодекстер талкууланып жатат. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин келбегени депутаттар тарабынан сынга алынды.

Депутат Наталья Никитенко жыйынга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын келбей койгонуна да нааразы болду.

Анын айтымында, эки комитет Жогорку Кеңештин жыйынына жетекчилер өздөрү келсин деген чечим чыгарган.

Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев болсо премьер-министр менен Башкы прокурордун иш күнүн карап чыгуу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кабыл алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча өзү дайындалганын айтып, өкмөт башчы башка иштери менен жүргөнүн билдирди.

Башкы прокурордун ордуна анын басары Нурлан Дүйшөмбиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта бир топ мыйзам жана кодекстер күчүнө кирген. Бирок андагы мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды иретке келтирүү боюнча 3 мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирген.