Марал Радиосу

Былтыр өлкөгө 345 млн доллар инвестиция тартылган

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.

Талкуу жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев 2018-жылы элчиликтерге канча бизнес-долбоор жөнөтүлгөнүнө кызыкты.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, былтыр өлкөгө 345 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартылып келсе, 328 млн доллар көлөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.