Марал Радиосу

УКМК бирдиктүү эсепке 46 млн сом которду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекекеттик комитети коррупция менен күрөшүүдөн кайтарылган каражаттардын бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү которду.

Мекеменин маалыматында, бүгүн, 22-январда УКМК 46 млн 909 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бирдиктүү эсепке которду.

Ушуну менен УКМК тарабынан жемкорлордон мамлекетке кайтарылган каражат 241 млн 815 миң 287  сомду түздү.