Марал Радиосу

Венесуэлада бийликке каршы митингдер күч алды

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бийлигин тааныбай турганын айткан эл шаар-шаарларда көтөрүлүшкө чыгышты. Эн курч болгону борбордук Петар районунда   күч түзүмдөрүнүн кызматчылары аскердик базадагы куралдарды басып алышып, элди төңкөрүшкө ундөп жатышты.

Бирок көпкө узабай окмөттүк күчтөрго багынып берүүгө аргасыз болушту. Учурда алар сурак берип, басып алынган куралдар кайтарылды.

Бирок нааразы болгон эл Каракаста митингге чыгышып, ал башаламандыктар менен коштолду. Алар унааларды талкалап, өрт коюп кетишти.

Бийликке каршы акциялар 2017-жылы болуп, жүздөгөн жарандык коомдун активисттери камалып, ондогон киши набыт болгон. Нааразылыктардын экинчи агымы оппозиционер Хуан Гуаидо парламенттин спикерлигине дайындалганда башталды. Ал трибунадан өкмөткө каршы чыгууга чакырды.

Эске салсак, Венесуэланын президенти Николас Мадуро 2018-жылдын май айында президенттик шайлоону жеңип, экинчи мөөнөткө шайланды. Өлкөдөгү коррупция жана жумушсуздук күч алып, бул бийликке нааразылыктарды күчөтүүдө.