Марал Радиосу

Опера жана балет театрынын жетекчисине чара көрүлөт

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жетекчилигине чара көрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, опера жана балет театрында компьютердик оюндарды өткөрүү туура эмес. Бүгүн, 21-январда бул маселе боюнча дисциплинардык комиссия түзүлөт.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Dota 2 аталышындагы компьютердик оюндун финалы өткөн. Бул оюндун театрда өткөнү коомчулуктун нааразылыгын жаратты.

Мекеменин башкы директору Болотбек Осмонов оюн өткөрүү үчүн имаратты ижарага берүүдө мыйзам бузулбаганын айтты.

“Келишим 180 миң сомго түзүлгөн. Мындай турнир Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Бул оюн интеллектуалдык оюндун түрүнө кирет”.

Эске салсак, буга чейин Опера жана балет театрында туулган күн белгиленген.