Марал Радиосу

21-25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-январда көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

22-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. 23-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт.

24-25-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

26-27-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.